Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

БШК: Алты партия үгүт маалында мыйзам бузду


Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче, “Өнүгүү-Прогресс”, "Замандаш", "Аалам", "Республика Ата-Журт", "Ата Мекен" жана "Бир Бол" партияларына оозеки жана жазуу түрүндө эскертүүлөр берилди.

Мындан тышкары БШК “Азаттык” партиясына балдардын сүрөтү тартылган жарнак баннерлерин алып салууну тапшырды. БШК мүчөсү Рашид Бекбаcаров башка партиялардын баннерлеринде деле балдардын сүрөтү бар болгонун, бирок аларда балдар шайлоочуну партияга добуш берүүгө чакырбаганын кошумчалады. Мыйзам элди кайсы бир партияга добуш берүүгө чакырган балдардын сүрөтүн пайдаланууга тыюу салат.

БШК партиялар үгүт өнөктүгүн ар кандай ыплас ыкмалар менен өткөрүп жатканын белгиледи. БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов айрым партиялар шайлоодон кийин ким, кантип добуш бергени билинерин айтып, биометрикасын тапшырган жарандарга берилген маалымат каттарды чогултуп, элдин башын айлантып жатканын кошумчалады. Абдраимов бул аракеттерден майнап чыкпай турганын, 4-октябрда жарандарга башка талондор берилерин айтты. (AzK)

XS
SM
MD
LG