Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Москвада 7-кабаттан кулаган Канайымдын абалы оор


Москвадагы Демьян Бедный көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн 19-сентябрь күнү кыргызстандык 20 жаштагы Канайым Абсамат кызы 7-кабаттан кулап кеткен. Маалыматка ылайык, ал батирде чогуу жашаган 31 жаштагы Шавкат Акимов аттуу кыргыз жараны күч колдонуп зордуктоо аракетин жасаган учурда качууга аракет кылып, терезеден кулаган. Зордуктоого аракет кылды деген Шавкат Акимов камакка алынды, ага Орусиянын Кылмыш кодексинин 131-132-беренелери боюнча айып тагылды.

Жетинчи кабаттан кулаган Канайым Абсамат кызы ооруканага жеткирилген, абалы оор деп айтылууда.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы ИИМ өкүлчүлүгүнөн билдиришти. (LzT/ZKo)

XS
SM
MD
LG