Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Кыргызстанда төрөлгөн ар онунчу ымыркайдын энеси 20га толо элек


Кыргызстанда төрөлүп жаткан ар онунчу ымыркайдын энеси 14-19 жашка чейинки кыздар. Бул тууралуу Репродуктивдүү ден-соолук альянсы Республикалык медициналык-маалымат борборунун иликтөөлөрүнө таянып билдирди. Маалыматка караганда, соңку жылдары мектеп окуучуларынын арасында боюна бүтүп калгандар көбөйүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, жыл башынан бери өлкөдө 91 миңден ашуун ымыркай төрөлдү.

Бүгүн Бишкектин четиндеги Jannat-Resort отелинде аталган альянс журналисттерге сексуалдык жана репродуктивдүү ден-соолук темасын чагылдыруу боюнча семинар өткөрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG