Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы 80-концерттик сезонун ачты. Буга байланыштуу салтанаттуу концерт кечээ кечинде өткөнүн “Азаттыкка” филармониянын жетекчиси Кыргызбай Осмонов билдирди:
- Кыргыздын “Манастан” баштап азыркы учурга чейинки тарыхын, өнөрүн, музыкасын камтыган театрлаштырылган чоң программа тартууланды.
Концертке келген премьер-министр Темир Сариев Маданият, маалымат жана туризм министрлигине маданиятты өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасын иштеп чыгуу тапшырмасы берилгенин эскертип, аны тез арада бүткөрүү талабын койду. Ошондой эле өкмөт башчы филармония жер-жерлердеги театрлар менен маданий жайларга бардык жагынан үлгү болуп, дасыккан адистерди даярдоого көмөктөшүүсү керек экенин белгиледи. (RK)