Кыргызстандын эң кары жарандарынын бири көлдүн Түп районуна караштуу Фрунзе айылында жашайт. Быйыл 106га чыккан Фатима Хочуеваны бүгүн социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова Карылар күнү менен куттуктап, акчалай жардам тапшырганын мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мыйзам боюнча Кыргызстанда 58 жаштан ашкан аялдар жана 63 жаштан улуу эркектер кары катары пенсияга чыгат. (RK)