Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Пакистанда жер титирөөдөн жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Ушул тапта элчилик бул өлкөдөгү кыргызстандык жарандар менен байланышта болууда.

Соңку маалыматтарга караганда, Пакистанда кечээ болгон катуу жер титирөөдөн жабыркагандардардын саны өсүүдө. Ушул тапта 275 киши набыт болуп, 1000дей киши ооруканага жаткырылганы кабарланууда. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түндүк-батыш тарабындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынын тургундары. (AzK)

XS
SM
MD
LG