Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон район аймагында жайгашкан токойдон жыйналган жаңгактар учурда Кытай, Түркия жана Араб мамлекеттерине экспорттолууда. Бул тууралуу район акими Таалайбек Дөлдөев билдирди. Былтыркы жылы кытайлык инвесторлордун жардамында 100 тоннага жакын жаңгактын маңызы экспорттолгон. Учурда Арстанбап аймагына жаңгак майын өндүргөн ишкана куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Учурда жаңгактын килограммы 120-130 сомдон сатылып алынууда. Район аймагында 7 токой чарбасы жайгашкан, алар 17 миң гектар жаңгак токоюн ээлейт. (RsK)