Орусиянын телеканалдарынан көрсөтүлгөн карталарда Сириянын Хомс облусунда Орусиянын артиллериясы жайгаштырылганы байкалат. Карта 17-ноябрда Владимир Путин аскерий жетекчилер менен өткөргөн кеңешмеде көрсөтүлгөн. Блоггерлердин маалыматы боюнча, Сириянын Хомс шаарынын түштүк жагындагы Садад шаарына Кемерово облусунда жайгашкан 120-бригаданын 152 миллиметрдик гаубицалары жайгаштырылган.
Орус бийлиги Орусиянын аскерлери жердеги операцияларга катышпай турганын билдиришкен. Сириядагы аскерий булак "Садад шаарында орус адистери Сирия аскерлерине артиллерия боюнча кеңеш" берүүдө деп билдирүүдө. (AiT)