Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Украин өкмөтү Крым менен товар жүгүртүүнү токтотту


Украин өкмөтү Крымга транспорт байланышын жана жүк ташууну токтотту. Мындай чечим бүгүн өкмөт башчы Арсений Яценюктун демилгеси менен кабыл алынды. Өкмөттүн чукул жыйынында Яценюк бул чара жок эле дегенде жарым аралга жөнөтүлчү "Украинанын кызыкчылыгына төп келген" товарлардын тизмеси түзүлгөнчө созуларын билдирди. Ал тизмени түзүү экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине тапшырылды. Украин премьери "Крым менен алака-катыштын форматы" тууралуу чечим кабыл алуу зарылдыгын да белгиледи.

Крым менен товар жүгүртүүнү токтотууну бүгүн өлкө президенти Петро Порошенко сунуштаган. Өлкө башчынын сайтындагы маалыматка караганда, соңку күндөрү коомдук активисттер менен Орусия аннексиялап алган жарым аралдын бийлигинин ортосундагы тирешүү кескин курчуп, активисттер "оккупацияланган аймакка" жүк ташууну толугу менен токтотууну талап кылып жатканы айтылган.

XS
SM
MD
LG