Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

Жалал-Абаддан жер титиреген аймакка гумжардам жөнөтүлдү


Облустун Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан жыйналган 300 миң сомдон ашык тамак-аш азыктары жүктөлгөн унаалар бүгүн Ош облусунун жер титирөөдөн жабыр тарткан райондоруна жөнөтүлдү. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, жалпысынан 10 тонна ун жана 100 миң сомдун тегерегиндеги тамак-аш азыктары жиберилген. Гумжардам чогултуу облустун башка район-шаарларында да жүргүзүлүп, алдыдагы күндөрү кошумча дагы дагы азык-түлүктөр берилери айтылат. Мындан сырткары ноябрь айынын соңунда облустагы көпчүлүк мамлекеттик мекеме ишканалардын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын которуп берерин билдиришкен.

17-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу, Алай районунун бир катар айылдарында күчү 6-7 баллга жеткен жер титиреген. Зилзаладан адам өмүрүнө зыян келген жок. Бирок ондогон үйлөрдөн жаракка кетип. айрымдары авариялык абалга туш болгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG