Бишкекте бирикмелердин, тынч жыйындардын, сөздүн жана пикир айтуунун эркиндигин талкуулаган жыйын өттү. Ага катышкан бейөкмөт уюмдар жыйынтыгында Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту.
Өткөн чакырылыштын депутаттары бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, тынчтык чогулуштарын чектөө боюнча Конституцияга каршы келген демилге көтөрүшкөн. Кыргызстан 2016-жылдан тартып БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине толук укуктуу мүчө болот. Мындан улам укук коргоочулар өлкө адам укуктарынын эл аралык мыйзамдар менен корголушун кубаттарын эске алып аталган мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууга чакырышты.
"Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылы уюштурган жыйынга өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана парламент депутаттары катышты. (RsK)