Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Варшавадагы тынчтык жүрүшүнө 40 миңден ашуун адам катышты


Польша көчөлөрүндөгү монументтердин бири
Польша көчөлөрүндөгү монументтердин бири

Польша баш калаасында жекшемби күнү 40 миңден ашуун адам “Эркиндик жана биримдик жүрүшүнө” чыкканын жергиликтүү булактар кабарлады. Алар 1981-жылдын 13-декабрында жарыяланган аскердик абалдын курмандыктарын эскеришти.

Акция катышуучулары оңчул саналган “Укук жана акыйкаттуулук” партиясын жана анын программасын колдоого алышарын да билдиришти.

Бир күн мурда, 12-декабрда Варшавада жана башка шаарларда оппозициянын “Жарандар демократия үчүн” кыймылы массалык демонстрацияларды өткөрүп, “Укук жана акыйкаттуулук” партиясын Конституцияны сыйлоого чакырышкан. Алар мамлекеттик башкарууну бир эле саясий топ өзүнө ыйгарып алуу аракетин көрүп жатат деп нааразы болууда. (SE)

XS
SM
MD
LG