Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

Журналист Жакшылык Бердибек уулу өзүнө байланыштуу чууну ушак деп атады


“Жаш журналисттер” кыймылынын теңтөрагасы, журналист Жакшылык Бердибек уулу интернетте өзүнүн дарегине айтылган сөздөрдү ушак деп атады. Бир күн мурда Айзада Асымова аттуу “Фейсбук” колдонуучусу журналист аны 29-ноябрда унаасы менен коюп кеткенин, ооруканага жеткирген бойдон дайыны чыкпай жатканын, телефонду көтөрбөй, жооп ордуна Whats Аpp аркылуу чоң кызматтагы кишилер менен түшкөн сүрөтүн жиберип, коркутканын жазган. Маалымат кызуу талкууга түшүп, социалдык тармактагы жүздөн ашуун адам бөлүштү.

Бул боюнча “Азаттык” Жакшылык Бердибек уулу менен байланышканда, төмөнкүдөй жооп берди:

-Ушундай окуя болгону чын. Айзада аттуу аялдын бутун унаада тепсеп кеткем. Дароо ооруканага жеткиргенмин. Дарыгерлер оор жаракат жок экенин айткан. 2500 сомго дары-дармек алып бергем. Андан кийин шаар сыртында жүрүп, 20 күндөй байланыша албай калдым. Сөзсүз барып кабар аларымды эжеге айткан элем. Сүрөттөр боюнча айтылгандар калп. Өкмөт башчы менен түшкөн сүрөтүм, Whats App тармагындагы профилимде фон катары коюлган. Аны көрүп эле ушундай ушак чыгарыптыр. Муну айрым журналисттер көбүртүп жиберди.

Жакшылык Бердибек уулу мурда “Де-Факто” гезитинде иштеген. (SE)

XS
SM
MD
LG