Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Түркиялык журналдын жаңы саны Касым Тыныстановго арналды


Түркияда жарык көрчү Vercez журналынын жаңы саны толугу менен кыргыздын алгачкы агартуучусу, драматург, акын-жазуучу, туңгуч профессору Касым Тыныстановго арналды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган басылмадан кабарлашты.

Тыныстановдун өмүр таржымалы тууралуу макалаларды журналисттер Халит Ашлар, Майрамгүл Дыйканбаева жана Омар Кучукмухамедоглу жазган.

Vercez журналы айына 2000 нускада чыгат. Редактору Булент Гүндоган.

Касым Тыныстанов “Кыргыз тили” илиминин негиздөөчүсү, кыргыз адабиятынын баштоочусу, кара сөз менен ыр өнөрүн эриш-аркак ала жүргөн талант болчу. Эл агартуу министри, чебер котормочу, педагог катары да белгилүү. Улуу таланттын 110 жылдыгы 2011-жылы белгиленген. (SE\AKu)

XS
SM
MD
LG