Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Лавров: Москва өзүн "жазалоого" жол бербейт


Сириядагы орус учактары.
Сириядагы орус учактары.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва өз алдынча тышкы саясаты үчүн Батыштын "жазалоосуна" жол бербесин билдирди.

"Бир тараптуу пайда табуу жана биздин өз алдынча тышкы саясатыбыз үчүн жазалоо аракеттери колдонууда", -деди Лавров Москвадагы бүгүнкү маалымат жыйынында.

Министр андан ары: "Биз Батыштагы өнөктөштөрүбүз, анын ичинде Европа Биримдиги жана АКШ менен конструктивдүү кызматташууга даярбыз... Бирок бир гана тең укуктуу жана орток негизде, бири-бирибиздин ички ишибизге кийлигишпеген шартта", - деп кошумчалады.

Лавров ошондой эле Орусиянын Сириядагы аракети аймактагы кырдаалды кескин өзгөрткөнүн билдирди.

Москва былтыр сентябрдын этегинде Сириядагы жарандык согушка аралашып, президент Башар Асаддын режимин колдоо иретинде аба соккуларын баштаган. Орус президенти Владимир Путин кечээ орус аба күчтөрүнүн Сириядагы аба соккулары зарылдыкка жараша улана берерин билдирген.

XS
SM
MD
LG