Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Соттор Кадыралиевге боор тартты


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Жогорку Сот кылмышка шектелген Канжар Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Кадыралиевдин жактоочулары сот учурунда ал качып кетпей, тергөө менен тыгыз иштешет деп убада беришти. Ал ортодо Башкы прокуратура Кадыралиев үй камагында жүрүп тергөөгө кийлигишип, күбөлөргө басым жасашы мүмкүндүгүн айтса, жабырлануучулар Кадыралиевдин үй камагына чыгышына Ак үйдөгү таасирдүү адамдар кызыкдар экенин билдиришүүдө.

Үй камагы күчүндө

Канжар Кадыралиевге бир жарым жыл мурун Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондон кийин, ал беш айга жакын издөөдө жүргөн. Бул аралыкта Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Андан кийин өз ыктыяры менен прокуратурага келип, өткөн жылдын ноябрь айында Бишкектин Октябрь райондук соту Кадыралиевди үй камагында калтырган чечим чыгарган. Кийинчерээк шаардык сот да бул ишти карап райондук соттун чечимин өзгөрткөн эмес. Бүгүн, 27-январда Жогорку Соттун судьясы Канат Турганбеков мурдагыларга окшош эле өкүмдү окуду.

- Прокуратуранын доо арызы четке кагылсын. Мындан ары Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасын кароо токтотулуп, Октябрь райондук соттун чечими күчүндө калсын. Бул чечим акыркы жана арызданууга жатпайт.

Кадыралиевдин үй камагына чыгышына жабырлануучулар нааразы болсо, Башкы прокуратура эми ал тергөө ишине түз кийлигише баштайт деп кооптонуп турат. Башкы көзөмөл органдын өкүлү Руслан Досалиевдин билдиришинче, сот Кадыралиевге карата кылмыштын оордугун эске албай чечим чыгарып койду.

- Канжар Кадыралиев оор жана оор эмес кылмыш кылганы үчүн айыпталууда. Ал эркиндикте жүрүп качып кетиши же күбөлөргө басым жасап, тергөөгө тоскоолдук кылышы толук мүмкүн. Себеби ага карата алгач кылмыш иши козголгондо да качып, жашынып тергөөгө келбей жүргөн. Ошондуктан аны тергөө бүткөнчө камакта кармоо керек эле.

Ак үй ким тарапта?

Былтыртан бери Канжар Кадыралиевдин иши коомчулукта абдан көп талкууланып, атүгүл бул ишти мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алган. Эми президент өзү көзөмөлгө алган иш боюнча айыпталып, тергөөдөн узак убакыт качып жүргөн адамдын үй камагына чыгарылышы бүдөмүк суроолордун жаралышына себеп болду.

Сактан Келдибаев жана адвокаты
Сактан Келдибаев жана адвокаты

Ириде Жогорку Соттун чечимине "Кадыралиевден кордук көрдүк" деп милицияга арыз жазган өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаев нааразы. Ишкердин “Азаттыкка” билдиришинче, соттун Кадыралиевдин пайдасына чечим чыгаруусуна Ак үйдөгү айрым адамдар кийлигишкен. Келдибаев жакынкы убакта бул жогорку кызматтагылардын атын ачыкка чыгарууга белсенип жатат.

- Ак үйдүн атын жамынып алган таасирдүү күчтөрдүн кийлигишүүсү менен соттун чечими чыгып жатат. Бул кишилердин фамилиясы айрым депутаттарга да маалым болду. Жакынкы күндө бул ысымдарды толук атап, президентке жеткиребиз. Бизде маалыматтарды айтууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Өз кезегинде Канжар Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов да тергөө ишине жогорку кызматтагы адамдар кийлигишип жатканын айтууда. Айткуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кадыралиевге козголгон кылмыш иште Сактан Келдибаевдин көрсөтмөсүнөн тышкары эч кандай далилдер жок болуп жатат. Бирок бийликтеги кээ бир адамдардын тапшырмасы менен тергөө созулуп келет.

Бакыт Бакетаев
Бакыт Бакетаев

Айтор эки тараптын тең "бийликтеги адамдар кийлигишип жатат" деген сөзү жана соттордун талаш жараткан чечимдери коомчулукта бийлик менен сотко ишенимди азайтып жатканын саясат талдоочу Бакыт Бакетаев айтууда.

- Чындап эле бийлик тараптан сотторго, тергөөгө кийлигишүү болушу мүмкүн. Муну тыкыр иликтеп, тараптар алардын атын ачык айтышы керек. Экинчиден, кырдаал сотторго реформаны кечиктирбей жүргүзүп, аны бийликке көз карандысыз кылып жүргүзүү керектигин көрсөтүүдө.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжарга карата Башкы прокуратура 2014-жылы бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон.

Учурда жабырлануучу Келдибаевдин арызы боюнча тергөө иштери уланууда, жакынкы убактарда алгачкы сот процесси башталмакчы.

XS
SM
MD
LG