Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Пакистанда 4 полициячы окко учту


Пакистандын Балужистан чөлкөмүнүн борбору Кветта шаарында куралчан бир нече киши жолдо бараткан төрт полициячыга ок ачканда, экөө дароо жан таслим болуп, экөө ооруканада көз жумду. Кол салгандар качууга үлгүрүштү, издөө иштери уланууда. Чабуулду Пакистандагы талиптердин "Техрик-и-Талибан" уюму уюштурганын "Азаттыктын" Пакистан кызматына жолдогон электрондук катында билдирди.

Аймакты байырлаган балучи жикчилдери газ менен минералдык ресурстардан түшкөн кирешенин жарымын жана Исламабаддан көз карандысыздыкты талап кылышууда. Балужистанда ошондой эле талип согушкерлери, маңзат аткезчилери, адам уурдоо менен белгилүү кылмышкер топтор көп.

XS
SM
MD
LG