Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

TI: Янукович дүйнөдөгү эң башкы коррупционер деп аталды


Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович
Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович

Transparency International эл аралык уюмунун сайтындагы онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович дүйнөдөгү эң башкы коррупционер деп табылды. “Коррупционердин беткабын сыйры” деп аталган кампаниянын жүрүшүндө Януковичке 13 210 киши добуш берген.

Экинчи орунду бразилиялык мунай өндүрүүчү Petrobras компаниясы (11 900) ээлеген. Ал эми Панаманын мурдагы президенти Рикардо Мартинелли жана анын таламдаштары (10 166 голосов) үчүнчү орунга илинген.

Сайттын окурмандары алгач эң чуулгандуу делген 15 жемкорлук окуясын тандап алышып, андан соң гана алардын рейтингин аныкташкан. Тизмеге аткаминерлерден тышкары уюмдар, компаниялар, алтургай мамлекеттик системалар да киргизилген.

Тандоо жемкорлуктун жазасыз калуусу, масштабы жана эл аралык мүнөзү өңдүү критерийлер менен жүргөн.

Transparency International Януковичти “ал бир нече миллиард доллар турган виллада жашап, мамлекеттин миллиондогон долларлары жеке чөнтөктөргө куюлуп кетишине шарт түзгөн жана жемкорлукка айыптоонун алдында Орусияга качып кеткен” деп мүнөздөйт. Анын резиденциясында табылган “алтын батон” Украина эле эмес, дүйнө боюнча жемкорлуктун символуна айланды.

XS
SM
MD
LG