Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Кулматов убактылуу Кыргызстандан кетет


Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматов үй-бүлөлүк себептерден улам Кыргызстандан убактылуу кете турганын жарыялады.

Кубанычбек Кулматов 11-февралда өткөргөн маалымат жыйында кеткени жаткан себебин саясий өңүтү жоктугун, анын тушунда мэрия кыйла ачык иштегенин, эки жылда алдына койгон негизги максаттар ишке ашканын айтты:

- Үй-бүлөмдүн бир көйгөйү бар. Ошондуктан Кыргызстанда жакында болбойм. Мэрияны мэрсиз калтырбай, кызматтан кетейин деген чечимге келдим. Бул чечимди кабыл алуу мага да оор болду. Алты ай калды эле, толук эле иштеп кетсем болмок. Мен иштеген маалда эл менен мэриянын байланышы жакын эле болду. Силер билесиңер да, мурун бир нерсе болсо эле мэрге баргыла дешчү, биз болсо мэриянын бардык түзүмдөрүн иштеттик. Муну дагы бекемдеш керек. Менимче, биз эл менен тыгыз эле иштеп жатабыз.

Кулматов жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышына да токтолду. Өзүн эң ачык мэр катары сыпаттады:

- Мен силер, журналисттер менен иштегенде, баарыңар эле түз эле мага чалчусуңар. Силер буга чейин ушинтип кайсы бир мэр менен түз сүйлөшүп жүрдүңөр беле? Мен ким чалбасын, телефонду дайыма алчумун. Мына вице-мэрлер да силер менен иштеп жатат. Социалдык тармактар аркылуу бул жакта светофор иштебей турат, таштандылар алынбай турат, жол начар деген мааниде бир күндө 600-700дөй сүрөт келчү. Азыр болсо таштанды боюнча бир күндө 2-3 эле арыз түшүп калды.

Ошол эле учурда Кулматов шаардыктарга таарынычы да бар экенин кыйытты. Андан кийин келе турган мэрге деле кыйын болот деген оюн айтып, ал деле шаардыктарга жагып кетеринен күмөн санады.

Үй-бүлөмдүн бир көйгөйү бар. Ошондуктан Кыргызстанда жакында болбойм. Мэрияны мэрсиз калтырбай, кызматтан кетейин деген чечимге келдим. Бул чечимди кабыл алуу мага да оор болду.
Кубанычбек Кулматов

Кулматовдун шаардык кеңеш менен жакшы тил табыша албаганы белгилүү. Башкасын айтпаганда деле, анын Бишкекти өнүктүрүү программасы алты айдан кийин гана кабыл алынган. Программа талкууланып жатканда бир топ доомат айтылып, атүгүл мэрге ишеним көрсөтпөө демилгеси да көтөрүлгөн.

Кулматов кызматтан кетерин жарыялаган шаардык кеңеште анын жоопкерчилиги каралышы керек деген депутаттар да болду. Таштанды чыгаруу үчүн деп Еврокомиссиядан берилген 22 миллион евро грант боюнча отчет бериши керектиги айтылды.

Анткен менен мэрди колдобой, аны иштетпей койду дегендер да бар. Алардын бири - жарандык активист Айбек Баратов:

- Анткени эгер башка кызматтар иштебесе, ага мэр күнөөлүү эмес да. Бирок баары эле келип мэрдин мойнуна илип коюп жатты. Ал баарына жооп берүүгө милдеттүү эмес. Ал, албетте, ошол жараяндарды башкарат, бирок мэриянын өзүндө ар кандай түзүмдөрдүн ортосунда проблемалар, тирешүүлөр болду. Кубанычбек Кулматов жедеп эскирип бүткөн системаны сындырганга аракет жасады. Бирок ага ишин аягына чыгарганга мүмкүнчүлүк беришкен жок.

Мындан эки жыл мурун Бишкектин мэри жаңы шайланганы жатканда "Жаңы муун" жарандык кыймылы да өз талапкерин сунуштаган, бирок каттоодон өткөн эмес. Кыймылдын өкүлү Мавлян Аскарбеков Кулматовдун берген убадаларын аткарган жок, ишти ара жолго таштап кетип жатат деп айыптады:

- Бишкек шаарынын мэри деген өтө чоң кызмат. Каалагандай келип, каалагандай кетүү бул -жоопкерсиздик. Үйүмдө кичине маселе чыгып калды деп иштен кетип калгыдай бул кароолчунун жумушу эмес да. Бир миллиондон ашык адам жашаган шаардын коопсуздук, дагы башка көп маселеси бар. Ошолорду жоопкерчилик менен чечүү керек да. Аны саясий чечим менен алып келип шайлашкан. Эми болсо өз каалоом менен деп саясий чечим менен кетип жатат. Тилекке каршы анын келип-кеткенинин жоопкерчилигин карайт деген шаардык кеңеш адатынча унчукпай отурат.

Ушул тушта интернетте социалдык тармактарда мэрликке талапкерлер сунушталып, өз ара добуш берүү да башталды. Кубанычбек Кулматов шайланып жатканда жалгыз талапкер болгон жана бир добуштан шайланган. Бул ирет дагы шаардык кеңеште Социал-демократтар фракциясы жалгыз талапкер көрсөтөт жана ал бир добуштан шайланат деген божомол бар.

Кулматов бир канча Орусияда жашаган, ушул тушта ата-энеси ошол жакта турат.

XS
SM
MD
LG