Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:13

Жарандык активист Калича Умуралиева сабалганын айтууда


Бишкектеги жаңы курулуштардын бири
Бишкектеги жаңы курулуштардын бири

Бишкектеги мыйзамсыз курулуштарга каршы чыгып жүргөн жарандык активист Калича Умуралиева бүгүн сабалганын айтууда. "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып ал Логвиненко жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулган кабат үйдүн тургундарынын арызынын негизинде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкеринен жооп алуу үчүн барганын, бирок ал жактан кол салууга кабылганын айтып берди:

- Инспектор биздин сурообузга жооп берүүдөн баш тартканынан чыгып кетип баратканбыз. Бир маалда коридордон бир аял чыга калып мени чачымдан кармап жулкулдата баштады. Көрсө ал ошол мекемеде иш кагаздары боюнча кызматкер Чолпон Паязова экен. Арызданган тургундар үй чала бүткөнүнөн ал жерде жашоо мүмкүн эместигин айтышкан. Биз эмне үчүн анда уруксат берилгенин билиш үчүн инспекцияга барганбыз.

Умуралиеванын айтымында, окуя видеого тартылып алынды жана милицияга өткөрүлүп берилди.

Бишкек милициясы учурда териштирүү жүргүзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG