Оппозициялык саясатчы Илья Яшиндин иликтөөсүндө катарында 30 миң жоокери бар Рамзан Кадыровдун “менчик армиясы” Орусиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч катары бааланган. Яшиндин баяндамасы бүгүн, 23-февралда Нью Таймс гезитине жарыяланат. Анда Рамзан Кадыровдун аскерлери Орусиядагы эң эле күжүрмөн даярдыктагы, согушка жөндөмдүү күч катары катары бааланган.
Яшин Рамзан Кадыров өз күчтөрүн 2014-жылы Украинага жөнөткөнүн, алар жалпы Орусияда кылмыш иштерине катышып жүргөнүн белгилейт. Илья Яшин Касьянов жетекчилик кылган Парнас партиясынын мүчөсү. (AiT)