Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Купуя сырбы же кубулма чырбы?


Журналист Турат Акимов (Сурат Жылкычиевдин сүрөтү)
Журналист Турат Акимов (Сурат Жылкычиевдин сүрөтү)

Өзүнө кол салууга министр Мелис Турганбаевди айыптаган журналист Турат Акимовдун колунда ага каршы кандай материал болушу мүмкүн?

Коомчулукка дүң салган бул дооматтын артында эмне бар деген суроо кабыргасынан коюлуп турган учур. Талдоочулар менен иликтөөчүлөр арасында чуулгандуу окуяга байланыштуу үч версия айтылууда. Анын кайсынысы чындыкка жакын экени азырынча далилдер менен толук бышыктала элек.

Орой министр – оңой “олжобу”?

Өткөн жуманын соңунда токмоктолгон журналист Турат Акимов ага кол көтөрүүгө ички иштер министри Мелис Турганбаевдин катышы бар деген каңшаар чыгарды. Бирок Турат Акимов анда министр аралашкан кайсы бир эл аралык деңгээлдеги чуулгандуу иш тууралуу материал бар экенин эскертүү менен гана чектелди. Ал эмне үчүн Турганбаевден шек санап жатканы боюнча негиздүү жүйөсүн ачык айткан эмес. Ошентип өлкөнүн баш милициясына карата анда кандай жашыруун маалымат болушу мүмкүн экени азырынча табышмак бойдон турат.

Журналист Турат Акимовдун окуясы бийликтин ичиндеги топтордун ортосундагы айыгышкан тымызын күрөштүн жыйынтыгы болушу да мүмкүн.
Адил Турдукулов

Оппозициялык саясатчы Адил Турдукулов ага сын айткандарга басым жасоо ички иштер министрине мүнөздүү көрүнүш болуп келгенин айтты:

- Мелис Турганбаев мына ошондой ишке барышы мүмкүн деген тыянак чыгарууга болот деген ойдомун. Анткени буга чейин ал тууралуу сын-пикирин айткандарга басым көргөзгөн учурлар болгон. Бир эле мисал: мага карата өзүнүн адамдарын жөнөтүп, коркутуп-үркүтүп, күч колдонууга аракет болгон. Анын ишмердигин караганда министрдин коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп айтууга негиздер бар. Анткени “Коопсуз шаар” деген долбоор боюнча эл аралык тендерди үзгүлтүккө учуратып, жеке кызыкчылыгын ачык эле байкатып койгон. Башка чет элдик компанияларын четке чыгаргысы келгендей болуп, бирок молдовалык компанияны алдыга түртүп жатканы аны айгинелейт. Эң эле негизгиси - Анапияевдин өлтүрүлүшүнө кыйыр түрдө тиешеси бары тууралуу материалдар интернет булактарына чыгып эле жатат. Бирок ошого чекит коюп, министр өзүнүн ал ишке катышы жок экенин далилдер менен айтышы керек болчу.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев
Ички иштер министри Мелис Турганбаев

​Буга чейин жабырлануучу Турат Акимов ага кол салуу фактысын милиция ача турганына ишенбесин айтып, ишти иликтөөнү атайын кызматка өткөрүп берүүнү суранган. Ошондой эле журналист Акимов канча сындап келгени менен президент Атамбаевге дооматы жоктугун айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен анын коопсуздугун камсыздоону өтүнгөн эле. Анткени журналист Турат Акимов атайын кызматтын жетекчиси Абдил Сегизбаевге ишене турганын айткан. Оппозициялык маанайдагы журналисттин бул айтканы коомчулукту эки анжы ойго түрттү. Ошол эле кезде адатта оппозициядан чыккандардын же ага жакын чөйрөдөгүлөрдүн чуулгандуу билдирүүсүн көргөзбөй койгон же болбосо кабарды кыскача гана берүү менен чектелген бийликчил телеканалдар бул саам окуяны толук чагылдырганы дагы коомчулукту таң калтырды.

Мына ошондуктан Адил Турдукулов бул “бийликтин Мелис Турганбаевден кутулуу” аракети болушу мүмкүн деген версияны дагы жокко чыгарбайт:

- Журналист Турат Акимовдун окуясы бийликтин ичиндеги топтордун ортосундагы айыгышкан тымызын күрөштүн жыйынтыгы болушу да мүмкүн. Президент Атамбаевдин айланасындагы топтордун, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн ортосундагы күрөштүн чегине жеткенинин белгиси катары дагы караса болот. Мен азыр айтсам. Турганбаевди мурдатан эле сындап келгенибизди билип туруп, азыр ага кайрылуу кылгыла деген сыяктуу сунуштар чыгып жатат. Бирок мен министрди мурда сындап келгеним менен азыркы жагдайда президенттин айланасындагы мына ошол күчтөргө курал болууну каалабайм. Турганбаев менин жеке душманым эмес. Мен анын мисалында азыркы чириген системаны сындап келгем.

Анапияевдин ишиндеги темгил тактар...

Анткен менен талдоочулардын баамында, 2014-жылы күзүндө ички иштер министри болуп дайындалган Мелис Турганбаевдин артынан бир топ чуулгандуу иштер боюнча сөз ээрчип жүргөнү дагы ырас. Айрыкча мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелген кримтөбөл Алманбет Анапияевдин былтыр 17-февралда Минскиде жок кылынышына байланышкан жагдай коомчулукта кызуу талкууланган эле.

Алманбет Анапияев
Алманбет Анапияев

Бул окуяга Мелис Турганбаевдин катышы бардыгы туурасында тастыкталбаган маалыматтар интернет булактарына чыгып келген. Жакында жабырланган журналист Турат Акимовдун колуна мына ошол жагдай туурасында жашыруун материал келип түшкөн болушу мүмкүн деген түкшүмөлдөр да аз эмес.

Окуянын өнүгүшүнө баам салган эксперт Токон Мамытов учурда эки тарап тең ачык айтпай жаткан табышмактуу жагдайдын жандырмагы бир күнү ачыкка чыгарына ишенет:

- Коомдогу эң эле терс көрүнүш ким болсо дагы журналистке кол салган өнөкөт. Турат Акимов бардыгын кылдат карап, жыйынтык чыгарган олуттуу журналист экенин билебиз. Анын колунда кандайдыр бир жашыруун маалымат болуп туруп, бирок ачыкка чыгарбай соодалашып жатса, анда кылмышты билип туруп жашыруу деп эсептелинет. Бул үчүн ал дагы жооп берип калышы мүмкүн. Буга чейин эле ар кайсы булактар Анапияевдин өлүмүнүн сырлары тууралуу жазып жатышпады беле. Анан ошого байланыштуу шеги болсо, айныксыз бир материалдары болсо, Турат Акимов башкы прокуратурага кайрылса болмок. Дүрбөлөң салган бул окуяга эл азыр кулагын түрүп, анын аягы эмне менен бүтөрүнө бушайман болуп отурат. Журналист эмнеге маалыматын аягына чейин айтпайт же экинчи жагы айыптоого карата ак экенин далилдөөгө барып, эмнеге сотко бербейт деген бүдөмүк ойлор туулуп жатат да.

Сыр каткан “сандык”

Быйыл 18-январда журналист Турат Акимов ички иштер министри Мелис Турганбаев менен жолугушканы белгилүү болду. Муну эки тарап тең ырастаганы менен ал күнү эки ортодо кандай жашыруун материалдар тууралуу сөз болгону белгисиз бойдон калууда. Турат Акимов анын колундагы жашыруун маалымат ачыкка чыкса, эл аралык маанидеги чатак чыгат деп айтып, бирок анын мазмунун айткан эмес. Ал арада ички иштер министри Мелис Турганбаев жакын арада журналистке кол салуунун бетин ачарын айтып, бул чагымдын артында ким турарын ашкере кылууну убада кылды.

Ички иштер министрине жакын санаалаш “апрелчилердин” бири Алга Кылычев Турат Акимов анда Анапияевдин өлүмү боюнча баалуу маалымат бар экенин айтып, аны тез арада Турганбаев менен жолугуштурууну суранганын белгиледи:

- Турат Акимовго кол салуу атайын сценарий аркылуу түзүлүп, атайын уюштурулган нерседей көрүнүп жатат. Азыр бир жагдайды айтайын. Январь айында Турат байке менен жолугуп калдым. Ал менден “сен ички иштер министрин жакшы тааныйт экенсиң, аны менен жолугуштуруу уюштуруш керек” деди. Эмне тууралуу сөз болот десем “менин бир Москвадагы таанышымда Анапияевди Жаныш Бакиев кантип жок кылганы тууралуу өтө баалуу маалымат бар экен” деди. Ошондой эле ал бул жолугушууну мүмкүн болушунча эрте уюштуруу керектигин айткан. "Ал киши Кыргызстанга учуп келди. Ал киши министрге болгонун болгондой кылып төкпөй-чачпай айтып берем деп жатат. “Аны биз пайдаланып калышыбыз керек" деген болчу.

Тасмага түшкөн “тааныштык”

Бирок бул иште Жаныш Бакиевдин колу бар деген версия былтыр окуянын башында эле айтылып, жетиштүү фактылар жана ишенимдүү жүйөлөр менен бышыкталган эмес. Биринчи жолу өзүн “Анапияевдин ашпозчусу” деп тааныштырган Гүлжигит аттуу жигит Бакиевдерге түспөлдөш киши Минскидеги батирге келип, аны өлтүргөнүнө күбө болгонун былтыр 24-февралда коомчулукка айтып чыккан. “Минскиден качып келип, окуя боюнча көрсөтмө берди” деген ал адамды милиция кийин күбө катары коргоого алганы жарыяланган болчу.

Гүлжигит Абдулазизовду коштогон ИИМ кызматкерлери
Гүлжигит Абдулазизовду коштогон ИИМ кызматкерлери

Бирок мына ошондон бир топ убакыт өтүп, “Ички иштер министрлигине өзү келди” делген Гүлжигит Абилазизовду милиция кызматкерлери Москвадан Бишкекке коштоп келгенин ырастаган сүрөттөр интернетке жарыяланып кеткен. Москванын “Домодедово” аэропортундагы видеобайкагычтан алынган сүрөттөрдө Анапияевдин “ашпозчусунун” жанында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметов, орун басары Таалайбек Мамбетакунов жана Жанышбек Гаипов аэропорттун күтүү залында чогуу турганы тартылган.

Бул тууралуу айткан “Каралбай калган версия” деген иликтөө макаласынын автору, орусиялык “МК-Азия” гезитинин баш редактору Улугбек Бабакулов аталган жагдай туурасында ички иштер министрине бир топ суроо берип, ынандырарлык жооп албаганына токтолду:

Чуулгандуу сүрөттөрдүн бири, "Домодедово" аэропорту
Чуулгандуу сүрөттөрдүн бири, "Домодедово" аэропорту

- Мына ошол видеобайкагычтан алынган бир топ сүрөттөр жарыяланды. Мына ошол сүрөттөр тууралуу эле түшүндүрмө берип коюшса болмок. Бирок ички иштер министри Турганбаев өзү “мунун бардыгы жалган, болбогон нерсе” дегенден башка ынандырарлык жооп бербеди. Ишенбейин десең, ал сүрөттөр фотомонтаж же чыныгы эмес, жасалма дегендей расмий корутунду чыккан эмес. Беларустун тергөө органдары Гүлжигит Абилазизовду былтыркы ошол окуя боюнча кылмышка шектүү адам катары ушул күнгө чейин издеп, таппай жатышканы чын. Бирок биздин милиция анын жалгыз өзүнүн эле сөзүнө ишенип, анын ошол окуянын күбөсү катары тааныганы түшүнүксүз.

Анткен менен Анапияевдин өлүмүнө күбө болгон адам менен бирге турганы аэропорттун видеобайкагычынын көзүнө илинип калган милиция кызматкерлери кийинчерээк ал тууралуу түшүндүрмө беришкен болчу. Алар Москвага досторунун чакыруусу менен конокко барып, кайра кайтканда Кыргызстанга шашылыш учуп келаткан окуянын күбөсү Гүлжигит Абилазизов менен кокустан эле бир учакта учуп калышканын айтышкан. Алар керек болсо ал учурда Абилазизовдун ким экенин тааныбай турганын белгилешкен. Бирок аэровокзалдын күтүү залынан тартылган сүрөттөр алардын чогуу сүйлөшүп турганын тастыктайт.

Иликтөөчү журналист Улугбек Бабакулов окуянын күбөсү катары коргоого алынган Гүлжигит Абилазизов менен жолугушууну суранып, анын өтүнүчү негедир четке кагылган.

Сейитов: Минскинин өзүнөн жооп жок

Анткен менен Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун жетекчиси Бакыт Сейитов Беларустун тергөө органдары Бишкекке келип, күбөнү суракка алууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин мындайча билдирди:

- Биз ошол эле кезде Башкы прокуратура аркылуу Минскиге кат жөнөткөнбүз. Анда “эгерде сиздер Кыргызстанда кандайдыр бир тергөө амалдарын жүргүзүүнү кааласаңар, ага биз уруксат беребиз” дегенбиз. Ошондон бери ал жактан жооп жок. Кылмыш мына ошол өлкөнүн аймагында болуп жаткандыктан биз аталган тергөө ишине аралашууга акыбыз жок. Анан дагы мына ошол окуяга күбө болгон адамдын өмүрүнө ушул кезге чейин коркунуч бар. Ошондуктан анын азыр каякта жана эмне кылып жүргөнү боюнча маалымат бере албайбыз.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Алманбет Анапияевдин өлүмүнө күбө катары коргоого алган Гүлжигит Абилазизовду Беларустун тергөө комитети козголгон иштин алкагында кылмышка шектүүлөрдүн бири катары эл аралык издөө жарыялаган.

Кызматташа албаган тергөөчүлөр

Мына ушуга байланыштуу Беларустун тергөө комитети аны суракка алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү өтүнүчү менен кыргызстандык кесиптештерине бир нече ирет кайрылганы белгилүү болду. Бул тууралуу өзүнүн укук коргоо органдарындагы булагына таянып айткан иликтөө журналисти Улугбек Бабакулов ал боюнча мына буларга токтолду:

- Ички иштер министринин сөзүнө көңүл бурсак. Анапияев деген бандит болгон, ошон үчүн анын кандай жагдайда каза тапканына көңүл буруунун деле кажети жок дегендей айтып жүрөт. Биринчиден, анын кылмышкер же кылмышкер эмес экенин сот гана аныктай алат. Анан ал ким болгон күндө дагы Кыргызстандын жараны катары анын мыйзамдуу укугу корголууга жатат. Бул жактан Беларустун тергөө комитетине “Гүлжигит Абилазизов деген күбөлөрдү коргоо боюнча кызматтын калкалоосунан баш тартып, Кыргызстандан сыртка чыгып кеткен” деп жооп жазышкан. Бул жакта болсо коомчулукка “Гүлжигит Абилазизовду сактап отурабыз” деп айтышса, Беларуска “аны менен сурак жүргүзүүгө мүмкүн эмес, анткени ал өлкөдө жок” деп жатышат.

Жабырлануучу журналист Турат Акимов андагы ички иштер министри аралашкан жашыруун материал ачыкка чыкса, эл аралык чатак чыгарын эскерткен. Муну ал өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнө кепилдик катары атаган журналист министрден аны өлтүрүүгө аракеттенген киллерди табууну талап кылган шарт койгону белгилүү.

Ошондой эле Турат Акимов анын колундагы Турганбаевге байланыштуу чуулгандуу маалымат ачыкка чыкса, мамлекеттин эл аралык кадырына доо кетиши мүмкүн деген негизде материалды ачыкка чыгарбай жатканын кошумчалаган. Турат Акимов окуя иликтенип бүтмөйүнчө жашыруун абалда жүрөрүн айтып, учурда анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугун атайын кызмат күзөтүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG