Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Кыргыз ишкерлери АКШны көздөп турат


АКШнын мамлекеттик катчысы Бишкекке келгенде кыргыз ишкерлеринин көргөзмөсүнө катышкан. 31-октябрь, 2015-жыл
АКШнын мамлекеттик катчысы Бишкекке келгенде кыргыз ишкерлеринин көргөзмөсүнө катышкан. 31-октябрь, 2015-жыл

Март айында Вашингтондо өтө турган кыргыз-америка бизнес форумунда эки өлкөнүн ортосундагы бизнес ишкердүүлүктү өнүктүрүү жолдору талкууланат.

Бул иш-чараны утурлай Жаш ишкерлер ассоциациясы менен АКШ элчилиги жолугуп, кыргыз ишкерлери үчүн АКШда иштөө шарттары, виза алуу, тажрыйба алмашуу өңдүү маселелерде пикир алышты.

Жыл сайын ЖИА бизнес биримдиги жергиликтүү ишкерлерди топтоп алып, алты-жети мамлекетке алып барат. Алардын негизги максаты - ишкерлерди чет элдик ири компаниялардын тажрыйбасы менен тааныштырып, аны кайра Кыргызстанда ишке ашыруу.

Бул иш-чара алкагында ушул тапта сегиз ишкер АКШда шериктеш таап, өз бизнесин түптөө менен алек. Алардын катарында Техас штатындагы Хьюстон шаарында курулуш компаниясын алты айдан бери иштетип жаткан Альберт Абазбеков бар.

АКШ жамааттык коммерциялык мамилени өнүктүрүүнү колдойт. Ички дүң өнүмү 17 триллион доллар, 320 миллион кишилик рыногу бар АКШ ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүк берет.
Шейла Гуолтни

Буга чейин Кыргызстанда, Орусияда иштеп жүргөн Абазбековдун айтымында, АКШда алар үйлөрдү сатып алып, оңдоп-түзөгөн соң кайра сатып, кампаларды куруп иштейт.

- АКШда фирмаң бир күндө эле күндө катталат экен. Салыкты убагында төлөсөң, бир жылда бир эле келип текшерип коюшат. Кайра-кайра басып жүдөтүшпөйт. Болгону жумушчу визаны алуу кыйыныраак, үч айдан алты айга чейин созулат. Алты айдан бери иш жакшы эле болуп жатат, кудайга шүгүр.

Абазбековдун айтымында, Хьюстон шаарында кыргыз ишкерлери негизинен курулушта иштейт, интернет дүкөн, кафе ачып, пицца бышыргандар да бар. ЖИА бизнес биримдигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек кыргыз ишкерлеринин чет мамлекетке чыгып, рынокто атаандаштыкка туруштук берип, тажрыйба топтогонун баалайт. Ал "чет жерде өнөктөш таап, ирденген ишкерлерди кайра Кыргызстанга тартуу зарыл" деген пикирде:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

- Аларды сөзсүз Кыргызстанга алып келүү керек, акчасын бул жакка жумшасын. Биз келечекте көрө билели да. Белгилүү бир убакыттан кийин сыртка чыккан бизнес өкүлдөрү дүйнө боюнча иш алып барган адамдарга да айланышы мүмкүн. Мамлекет мындан утушка гана ээ болот.

Биримдиктин төрагасы Умбриел Темиралиевдин пикиринде, бизнес шериктештикти өнүктүрүү үчүн буга чейин АКШга Кыргызстандын 6 миллиондук рыногу көп деле кызыгуу жаратпай келген. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке киргенин ишкерлер жаңы мүмкүнчүлүк катары карап, анын пайдасын колдон чыгарбоо керек деген ойдо:

- Казакстан менен Орусияга караганда бизде бизнес баштоо арзанга түшөт. Чоң мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Биз эми өзүбүз туурасында тынбай айтып турушубуз керек. Биринчи кадам катары АКШга кичине капитал-инвестиция кылдык. Алар бизди олуттуу кабыл алып, азыр эки-үч ишкери биздикилер менен биргеликте ишкана ачууну ойлонуп жатышат.

Эки өлкө ортосундагы бизнес көпүрөлөрдү куруу, өнөктөштөрдү табуунун жол-жоболорун тараптар 11-мартта Вашингтон шаарында боло турган кыргыз-америка форумунда талкуулаганы жатышат. Бул иш-чарага Кыргызстандан 40тай ишкер барууга камынып жаткан кези.

Шейла Гуолтни
Шейла Гуолтни

Форумду утурлай 26-февралда жергиликтүү бизнес чөйрө АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен жолугуп, бул өлкөдө иштөө шарттары, виза алуу маселелерин талкуулашты. Элчи айым Шейла Гуолтни чакан, орто бизнес мамлекеттин өнүгүшүндөгү зор кыймылдаткыч күч экенин белгилеп, АКШ кыргыз ишкерлеринин демилгесин колдой турганын билдирди:

- АКШ жамааттык коммерциялык мамилени өнүктүрүүнү колдойт. Кыргызстандын көп ишкерлери АКШда соода көргөзмөлөрүндө катышууда. Ал жерден өнөктөш таап, өз ара байланыш түзгөнгө шарт түзүлүп жатат. Албетте, ички дүң өнүмү 17 триллион доллар, 320 миллион кишилик рыногу бар АКШ ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүк берет. Эгер сиздерди АКШ кызыктырса, биздин Вашингтондо боло турган форумга көңүл буруңуздар.

Кыргыз ишкерлери үчүн АКШда узак мөөнөткө калып иштеп, бизнесин түптөө үчүн виза алуу маселеси көп суроо жаратууда. Мындан улам ишкер чөйрө бул багытта АКШ элчилигинен колдоо күтөрүн белгиледи.

Кыргыз-америка форуму 11-мартта Вашингтон шаарында башталып, Нью-Йоркто уланат. ЖИА бизнес биримдиги тарабынан буга чейин ушул өңдүү бир нече форумдар уюштурулган. Ага 120 ишкер катышкан. Мындан тышкары Кыргызстанга жооп иш сапары менен АКШдан 11 сенатор келген. Аларды ээрчип келген 11 бизнесмен айыл чарба жааты менен таанышып кеткен эле.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керринин Бишкекке сапары. 31-октябрь, 2015-жыл
Жон Керри эки куурчак жана кыям сатып алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG