Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Улуттук банк доллар сатып алууда


4-март күнү Улуттук банк коммерциялык банктардан 5,2 миллион доллар сатып алды. 2-март күнү 9 млн доллар сатып алган. Улуттук банктын маалыматы боюнча, бул АКШ долларынын алсызданып кетүүсүнүн алдын алуу максатында жасалууда.

Акыркы эки жылда Улуттук банк негизинен долларды сатуу менен гана алектенип келген. 2016-жылдын январь айында эле Улуттук банк 17 жолу интервенция жасап, жалпысынан 64 миллиондон ашуун доллар саткан.

1-мартка карата Улуттук банктын эл аралык акча резервинде бүгүнкү күнү 1 миллиард 780 миллион доллар бар.

Ушул тапта 1 АКШ доллары орточо 71,5 сомдон сатылып алынып, 72,20 сомдон сатылууда. Акыркы бир аптада доллар 2-2,5 сомго арзандады.

Сомдун күчтөнүүсүнөн экспорттун төмөндөшүн белгилеген адистер, мунун артынан доллар кайра көтөрүлүшү күтүлөрүн айтышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG