Орусиянын Түндүк Кавказ аймагындагы Ингушетия Республикасындагы ири шаар - Назрандагы мечиттин жанында автомашина жардырылды. Окуя бүгүн жума намаздан кийин болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттары полицияга шилтеп кабарлашынча, жардыруудан үч адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Мындан тыш бир канча машине жабыркап, жакын турган имараттардын айнектери талкаланган.
ТАСС агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен чабуул мечит имамы Хамзат Чумаковго багытталганын жана ал жеңил жаракат алганын жазып чыкты. Күбөлөр жардыруу имам мечиттен чыккан учурда болгонун айтууда.
Айрым маалыматтарда жардыруунун күчү беш килограммдай, дагы башка кабарларда 10 килограммадай тротил өлчөмүнө тете болгону айтылууда.