Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:08

Польша качкындарды кабыл албай турганын билдирди


Польшанын премьер-министри Беата Шидло анын өлкөсү качкындарды кабыл алуу боюнча милдеттенмесин аткара албай турганын билдирди.

“Брюсселдеги окуядан кийин канча бир мигрантты кабыл алабыз деп шайма-шай айтуубуз мүмкүн эмес. Биз ириде өз жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоого аргасызбыз”, - деди Шидло Superstacja телеканалына курган маегинде.

22-мартта Брюсселдеги теракт отуздан ашуун кишинин өмүрүн алган. Польша ошондон кийин мигранттар боюнча өз пикирин билдирген биринчи өлкө.

Өткөн жылдын сентябрында эле Евробиримдик мүчөлөрү Жакынкы Чыгыш жана Африканын түндүгүнөн качкан 120 миң кишини батырууну макулдашкан. Варшава анын жети миңин кабыл алууга макул болгон. Качкындардын алгачкы тобу марттын аягы, апрелдин башында келе баштамак.

XS
SM
MD
LG