28-март күнү Аламүдүн районуна караштуу “Үмүт” жаңы конушунда "көгүлтүр от" толтурулган баллон ташып бара жаткан автоунаанын мотору күйгөн. Оттон унаадагы 20 газ баллондун бешөө жарылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, унаа “Нургаз” ишканасына таандык болгон. Ал эми өрттүн себеби – коопсуздукту сактоо талаптары аткарылбагандыгы, деп айтылат маалыматта.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.(ZKo)