Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

КСДПнын “үйсүз” депутаттары


Жогорку Кеңештин депутаттары
Жогорку Кеңештин депутаттары

Жогорку Кеңеш депутаттарынын 16сы кызматтык батирде жашап жатса, алардын 12си КСДП фракциясынан. Үйүм жок дегендердин арасында байлыгы эл оозунда айтылып келаткан Анвар Артыков, Тилектеш Исаев сыяктуулар да бар.

Парламенттин маалымат кызматынын ырасташынча, учурда кызматтык үйлөрдө 16 эл өкүлү баш калкалайт. Эң кызыгы алардын 12си КСДП фракциясынан.

Баарынан кызыгы буга чейин төрт жолку депутат Анвар Артыков үйгө муктажмын десе уккан кулак ишенбейт. Көрсө, 6-чакырылыштын эң улуу депутаты кызматтык батирди мындан 20 жыл илгери эле алып, кызына энчилеген экен. Айтымы, мурдагы эки президент тартып ала албаган үйдү эми эч кимге бергиси жок.

- Ооба, эки кабат менчик үйүм бар, жаңы кургам. Бирок кызматтык батирди 20 жыл мурда эле сый акы катары беришкен. Азыр анда кызым эки баласы менен жашайт. Буга чейин Акаев да, Бакиев да тартып алгысы келген, бирок сотто утуп алгам. Ошолор ала албаган азыркылар тартып алмак беле? Бул маселени айрымдар упай топтош үчүн атайын чагым катары кайра көтөрүп жатышат.

Анвар Артыков
Анвар Артыков

Баш калкалай турган жайы жок экенин айтып, мамлекеттен батир алгандардын дагы бири бийлик партиясынан Тилектеш Исаев. Анын ишендиришинче, Бишкекте ага таандык үй жок, эми гана куруп жаткан экен. Анткен менен буга чейин эл аралык “Манас” аэропортунда май куюучу комплексти, ири “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ишканасын жетектеген адамдын үйү жок экенине ишенгендер аз.

- Менин Бишкекте үйүм жок. Ишенбесеңер мамлекеттик каттоо кызматынан сурагыла. Биздин үй Ошто. Азыр бул жакта там салып жатабыз, бүтөрүм менен көчүп кетем.

Бекер батирди кыя албагандар...

Кызматтык батирде жашап жаткандардын арасында КСДПдан Карамат Орозова, Сайдолимжан Жураев, Ильхом Маннанов, Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Евгения Строкова, Кыянбек Сатыбалдиев, Ашэра Халикова. Айнура Алтыбаева, Нодирбек Каримов, “Өнүгүү-Прогресстен” Мирлан Бакиров, Абылкайыр Узакбаев, Тынчтык Шайназров жана “Кыргызстан” фракциясынан Алмазбек Токторов бар.

Кызматтык үйлөрдүн көбүндө депутаттар өздөрү жашабайт. Бекер батирди туугандарына берип, алардын көңүлүн алышат.
Рита Карасартова

6-чакырылышка депутаттарды шайлоо алдында бардык партиялар биринен сала бири кызматтык унаалардан, батирлерден жана депутаттык артыкчылыктардан баш тартарын жар салышкан. Бирок убадалар мандат алганга чейин экенин убакыт даана көрсөттү.

Парламентарийлерди жеңилдиктерден баш тартууга үндөгөндөрдүн бири Рита Карасартова айрым депутаттар үйү турса деле кызматтык батир алып, туугандарын киргизип койгонуна нааразы.

- Кызматтык үйлөрдүн көбүндө депутаттар өздөрү жашабайт. Эми баарыбыз эле кыргызбыз да. Бекер батирди туугандарына берип, алардын көңүлүн алышат. Андай болсо кызматтык батирлердин кереги жок. Анын үстүнө бай депутаттардын шаарда үйүм жок дегенине ишенбейм.

Элдин талабынан улам “Республика Ата-Журт” фракциясы кызматтык унаадан, батирден толук баш тарткан. Парламент да олуттуу кыскартууларга барарын айтканы менен 50 млн. сом үнөмдөө менен чектелди. Жогорку Кеңеш депутаттарын “багуу” үчүн жылына 800 млн. сомго жакын каражат бөлүнөт.

XS
SM
MD
LG