Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Депутаттарга кандай камкордук көрүлдү?


Кыргыз парламентинин депутаттары Toyota Camry маркасындагы автоунааларды минишет.
Кыргыз парламентинин депутаттары Toyota Camry маркасындагы автоунааларды минишет.

Жогорку Кеңештин депутаттары кызматтык үйлөрдү жана унааларды бөлүштүрүүнү аяктап калышты.


Саны көбөйгөн депутаттарга үй да, автоунаа да жетчүдөй эмес, ошондуктан Жогорку Кеңештин карамагындагы үйлөр менен машиналар беш фракцияга бөлүндү. Кимге үй, кимге кызматтык автоунаа беришти фракциялар өздөрүнүн ичинде чечип алышты.

Вице-спикер Бакыт Төрөбаев берген маалымат боюнча Жогорку Кеңештин карамагында баардыгы 36 кызматтык үй бар. Бул 120 депутаттын баарына жетпейт, ошондуктан алыстан келген шаарда үй-жайы жок депутаттарга гана бөлүндү.

Кызмат унаа жагына келсек, депутаттарды тейлөө кызматына 59 автоунаа коюлду. 2007-жылы Араб эмираттарынан ар бири 22 миң доллардан турган Тойота Камри маркасындагы 75 жаңы автоунаа сатылып алынган. Апрель окуясынан кийин парламент таркатылганда он машина ИИМге, бешөө Башкы прокуратурага бөлүнүп, азайып калган экен. Ошондуктан эки депутатка бирден автоунаа туура келүүдө. Кызматтык унааны бөлүштүрүү жагын дагы фракциялар өздөрү чечишти.

- Бизде бир машинаны эки депутатка бөлүп бердик. Эки депутат өздөрү сүйлөшүп алып, мисалы бирөө бүгүн, бирөө эртең алып пайдаланат, -деди вице-спикер Бакыт Төрөбаев.

Шайлоо маалында депутаттыкка талапкер болуп жаткандар эл алдында депутаттык үйдөн, унаадан керек болсо баш тартышарын билдиришкен. Сөзгө туруп бир катар депутаттар өз ыктыяры менен кызматтык үй менен автоунаадан баш тартышты. Мисалы, “Республика” фракциясынан Бакыт Төрөбаев мындай өрнөктү өзү биринчи болуп көрсөткөнүн айтты. "Ата Мекен" фракциясындагы депутаттар кызматтык унаа менен үйлөрдөн баары текши баш тартып жатышканын мурда жарыя кылышкан.

“Ар-намыс” фракциясына жети үй бөлүнгөн, бирок иш жүзүндө Баткенден келген Камила Талиева сыяктуу муктаждыгы бар үч гана депутатка берилди. Фракция жетекчиси Феликс Кулов өзү баш болуп, Токон Мамытов, Игорь Гусаров жана башкалары үйдөн да, автоунаадан да баш тартышты. Ал түгүл бул фракциянын мүчөсү Дастан Бекешов Жогорку Кеңештеги кызматтык үйлөрдү ижарага берип, андан түшкөн каражатты майыптардын, балдар үйлөрүнүн керегине жумшайлы деп фракцияда сунуш көтөргөн экен. Анын сунушу эми палатада каралмакчы.

Вице-спикер Бакыт Төрөбаевдин айтымында, депутаттарга иштөө үчүн шарт түзүү, муктаждыгына жараша үй, кызмат унаасы менен камсыз кылуу мыйзамда каралган, ошондуктан мындан өөн издештин кереги жок. Мамлекеттик казынада каражат тартыштыгын эске алып, депутаттар өздөрү деле жупуну болгонго умтулушууда дейт. Мисалы, “Республика” фракциясындагы депутаттар областтарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушканы барганда баары бирден машина минип кычырабай, эки-үчөө биригип бир машина менен жүрүшсүн деп чечишти.

Депутаттык автоунаага бир күндө норма боюнча он литрден күйүүчү май берилет. Автоунаа депутатты үйүнөн алып кетип жумушка жеткирет, жумуштан кайра үйүнө жеткирет же ар кандай кызматтык жолугушууларга алпарат. Бирок мыйзамды жана этиканы көзгө илбей, кызматтык автоунааны жеке өзүнүн же үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына пайдаланган депутаттар да болбой койбойт. Депутаттык унаанын айдоочусу Төлөбектин айтымында, жаңы депутаттар жаман мүнөзүн көрсөтө элек, аша чапкан көрүнүштөр мурдагы чакырылышта көп болгон:

- Машинаны мурдагы чакырылыштагы депутаттар көп пайдаланышчу. Өзүнүн жеке машинасын минип келет, кызматтыкын үй-бүлөсүнө жумшап жиберет. Мындайлар көп болгон.

Атын атагысы келбеген экинчи бир айдоочу кызмат унаасын каалаган жагына жумшап, депутаттык этика менен мыйзамды көзгө илбеген депутаттар да мурда да, кийин да болуп келгенин айтат:

- Чындыгында бар андай депутаттар. Мына көп балдар ошонун айынан тил табыша албай бошоп кетип жатышат. Тиякка-биякка айдатып, өзүнүн айдоочусун алып келип. Алар мыйзамга да карабайт, бир эле телефон уруп кубалап салышат.

Кызматтык автоунаасын туура эмес пайдалангандыгы жөнүндө маселе кыргыз парламентинде буга чейин дегеле козголгон эмес. Вице-спикер Бакыт Төрөбаев депутаттын ишмердиги дайыма элдин, коомчулуктун көз кырында экенин баса белгилеп, кызматтык автоунаасын аша чаап туура эмес пайдаланса ал депутаттын өзүнүн жеке абийриндеги иш дейт.

Эл демекчи, элдин ой-тилеги бир эле, өлкөнүн экономикасы эңшерилип, каражат каат болуп, мугалимдер менен дарыгерлер ыйлап жатканда депутаттар да жупуну болуп, элдин каражатын эби менен пайдаланышса деген тилекте. Жаңы келген депутаттар бул жагынан элдин оозунда жакшы кепке алынабы же мурдагы депутаттардай болуп артынан жаман кеп калабы, бул алардын өзүнөн. Бирок депутаттык жеңилдиктер менен артыкчылыктарды туура пайдаланууга жоопкерчиликти күчөтүү ашыкча болбос эле дешет байкоочулар.

"Азаттык"-тасмасы. Парламент: Жакыр өлкөдө Камри көп

Парламент: жакыр өлкөдө Camry көп (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

XS
SM
MD
LG