Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

"Эл үнү": Кырдаалды көзөмөлгө алгыла


Аянттагы айт намазынан кийинки жаштар. Бишкек, 10-сентябрь, 2010-жыл.
Аянттагы айт намазынан кийинки жаштар. Бишкек, 10-сентябрь, 2010-жыл.

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар өлкөдө экстремисттик күчтөр пайда болгонуна тынчсызданышса, айрымдары Ак-Суу тоосунун бийик чокусуна В. Путиндин ысымын берүүгө каршы болушту.

5-январда Аламүдүн районундагы Беш-Күңгөй айылынын жанында жоочу делип шектелген куралчан адамдар менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин куралдуу кагылышуусу коомчлуктун көңүлүн бурду. Ал кагылышууда жоочу деп шектелген эки адам өлтүрүлүп, бирөө колго түшүп, атайын даярдыктагы “Альфа” тобунун бир жоокери октон набыт болду.

Бишкек шаарынын туругуну Уста Календертегин ар кандай диний агымдарга мыйзамдын чегинде чечкиндүү, кечиктирилгис чара көрүү зарылдыгын айтып, бийликке сунушун айтты.

Уста Календертегин: 2010-жылдын июнь окуясынан Ош, Жалал-Абад коогалаңынан биздин бийликтегилер сабак алып, жыйынтык чыгарышкан жок. Ошонун кесепетинен кечээ кырчындай болгон органдын төрт кызматкери кылмышкерлердин колунан каза болду. Бейкүнөө балдары жетим калды.

Ушуга байланыштуу бийликке менин сунушум бар эле. 7 жаштан тарта улан кыздарды, пенсияга чейинки эркек-аялдарды диний агымдардан алыс кылыш керек. Себеби диний агымдарга кирип кеткен жаштар, ортоңку муундагы адамдар психикалык жактан өзгөрүүлөргө дуушар болуп өз кызматтарынан, билим-илиминен артка кетип жатпайбы. Булар дин агымдарга кирип кеткенден кийин чет өлкөдөн келген миссионерлердин көрсөтмөлөрү менен кылмыш иштерин жасай берет. Адам өлтүрүү, жардыруу сыяктуу заказдарды аткара беришет экен. Мындай фактылар көбөйүп баратат. Бул өтө кооптуу. Түндүк жергесинде коркунуч туудуруп жатат. Бул атайын программа менен четтен келген миссионерлердин иши болуп жатпайбы.

Өзгөн районунан Төлөгөн Жолдошев: Владимир Путиндин атын Кыргызстандагы бийик тоого ыйгаруу тууралуу өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин демилгесине мен каршы пикирдемин. Атамбаев мурда Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин Үзөңгү-Кууш, Каркыраны берип жибергенинен сабак алган жигит эле. Ошол кыргыздын жери кыргыз үчүн ыйык да. Менимче Атамбаевдин тегерегиндеги кошоматчылар “мейли атын берип коелук” деп жагалданып жатышат. Алар көөнүнө келсе Бишкекке Путин, Ала-Тоого Медведев, Төө-Ашууга Лукашенконун атын коюп алсын, Курманбек Бакиевди багып жатат деп. Алмаз Атамбаевдин бул кылганы кошоматчыларына жакканы менен бул жердеги карапайым адамдарга жакпайт.

Бишкек шаарынан ардагер Калбүбү: Азыркы парламенттеги депутаттар сессия жүрүп жатканда күлүп сүйлөгөндөрүн токтотушсунчу. Илгертеден “күлүп сүйлөгөндөн түңүл” деп коюшчу эле. Депутаттар күлүп сүйлөгөндүн ордуна ишти бүткөрө сүйлөп беришсинчи.

Бишкек шаары, Нурсултан: Кыргыз элинин улуу курултайын февралда өткөрөлү деп аракет кылып жатабыз. Белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгулов башында турган топ курултайга биздин мамлекетте жашаган көп улуттуу элден делегат чакырып, Кыргызстандагы элдердин ортосундагы ынтымакты чыңап, күчтөнтүп, маанайын көтөрүү максатын көздөп жатабыз.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 же 31-61-53 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG