Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Орусия соту Путинди кызматтан кетирүү боюнча арызды кабыл алды


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын Саратов облустук Арбитраждык соту Балаково шаарынын тургуну Николай Суворовдун Валадимир Путинди Орусия президенти кызматынан кетирүү боюнча арызын кабыл алганын "Азаттыктын" орус кызматы жергиликтүү булактарга таянып жазып чыкты. Аталган шаар тургуну өз арызында Орусия таланып-тонолуп, эл жакырланганы жана чиновник, банкирлер байып кеткени үчүн Путин президенттиктен кетишин талап кылып, аны элдин душманы, олигархтардын досу деп атаган.

Сот арызды кароону болжолдуу түрдө 28-апрелге белгиледи. Эрежеге ылайык, 25-апрелге чейин Путин же анын өкүлү Суворовдун арызына баа берүүгө тийиш.

Быйыл февралда Москванын Тверь райондук соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын президент Владимир Путинди коррупцияга шектеп жазган арызын кабыл алуудан баш тарткан. Сот арыз кароого жатпайт деп чечип, аны президенттин кол тийбестиги менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG