Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Орусия Иранга С-300 системасынын алгачкы бөлүгүн жөнөттү


Ракетадан коргонуу боюнча С-300 системалары.
Ракетадан коргонуу боюнча С-300 системалары.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Орусия бул өлкөгө ракетадан коргонуу боюнча С-300 системаларынын алгачкы бөлүгүн жөнөттү.

Мындай жарыя министрликтин өкүлү Хуссейн Жабир Ансари тарабынан бүгүн жарыялады.

Орусия 2010-жылы Батыштын кысымы аркасында Иранга дүйнөдө абадан коргонуу боюнча алдыңкы система катары саналган С-300 жабдууларын сатуу боюнча контрактты токтоткон болчу.

Бирок президент Владимир Путин 2015-жылы Орусия өзү киргизген чектөөнү алып салган.

Бул кезде дүйнөнүн ири державалары Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча утурумдук макулдашууга жетишкен учур эле.

Иранга Орусия тарабынан бул ракеталык система сатылышына караманча - каршы чыгып келе жаткан өлкөлөрдүн бири Израиль. (UE)

XS
SM
MD
LG