Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Cариев: жол чырына эч кандай тиешем жок


Өкмөт башчы Темир Сариевдин катышуусунда учурда өкмөттүн кезексиз жыйыны өтүүдө. Кабарчыбыз билдиргендей, жыйынга министрлер кабинети толук курамы менен катышып жатат. Темир Сариев алгач өкмөттүн буга чейинки аткарган иштерине токтолуп, “өкмөт бир катар саясый чечимдерди кабыл алды, жоопкерчиликтен качкан жок. Мисалы, Өзбекстанга таандык төрт пансионатты өз колубузга алдык, Орусия менен ГЭСтерди куруу келишимин денонсациялоого бардык” – деди.

Тендер чырына эч кандай тиешем жок деген Сариев, айрым депутаттар саясый жана материалдык кызыкчылыктын айынан жөн жерден чуу көтөргөнүн белгиледи. Өкмөт башчы ошондой эле транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жол чырынан улам ишенимден чыкканын кошумчалады. (SDz)

XS
SM
MD
LG