13-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында көпчүлүк аймактарда жана Чүй облусунда кээ бир тоолуу райондордо жаан-чачын болот, калган аймактарда жаан жаабайт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +11...+16;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +15...+20;
Баткенде түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +8...+13;
Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +10...+15;
13-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 4…6 градус жылуу, күндүз 15…17 градус жылуу.