Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Сирияга барды деген үй-бүлөнү көчүрүү маселесин айылдык кеңеш карайт


Ала-Букада Сирияга барып келди деген үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү маселесин Балтагулов айылдык кеңеши ишемби, 23-апрелде карамай болду.

Бирок айыл өкмөтүнүн башчысы Мамадалы Парпиев муну жергиликтүү депутаттар эмес, сот чечиш керек деген пикирин бүгүн "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Балтагулов айыл өкмөтүнө караштуу Кажар айылынын тургундарынын атынан айылдык кеңешке кайрылуу келип түшкөн. Анда аталган үй-бүлөнү көчүрүү тууралуу токтом кабыл алып берүү өтүнүчү келтирилген:

- Жергиликтүү депутаттар маселени чечкенге укуксуз.Биз айылдыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, - деди Парпиев.

Өткөн жумада Кажар айылындагы жыйында мурда Сирияга барып келди деп айтылып жаткан Махмудовдордун үй-бүлөсүн жашоочуларга тынчтык бербей жатат деген негизде көчүрүү чечими кабыл алынган.

Ал эми жергиликтүүлөр айыптаган үй-бүлө эч күнөөсү жок экенин айтууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG