Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Обама: Санкциялар Минск келишими аткарылганда алынат


Ангела Меркель жана Барак Обама.
Ангела Меркель жана Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама жана Германиянын канцлери Ангела Меркель Орусияга каршы киргизилген санкциялар Москва Минск келишиминде каралган милдеттенмелерди аткарганда гана алынышы керектигин белгилешти. Бул тууралуу лидерлер Ганновер шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийинки пресс-конференцияда билдиришти.

Меркель Украинанын чыгышында ок атышпоо келишими бузулуп жатканын айтып, Обама менен жаңжалды жөнгө салуу багытындагы эмки кадамдарды талкуулаганын кошумчалады. Кремль Минск келишиминин аткарылбай жатышы үчүн Киевди айыптап келет. Обама ошондой эле Украинанын жаңы премьер-министри Володимир Гройсмандын өкмөтүн колдорун билдирди.

Украинанны чыгышында өкмөттүк аскерлер менен орусиячыл жикчилер ортосунда 2014-жылдын апрелинен бери уланып келаткан уруш 9 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кетти.

АКШ Ганновердеги жыл сайын өтчү жарманкеге алгачкы жолу өнөктөш өлкө катары катышууда.

Визиттин жүрүшүндө Обама ошондой эле Германия, Франция, Италия жана Британия жетекчилери менен жаңы түзүлүп жаткан Трансатлантикалык соода жана инвестициялык өнөктөштүк келишиминин жол-жоболорун талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG