Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

 “Кумтөр”: акча мыйзамсыз чыгарылган эмес


“Кумтөрдү” иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөнү боюнча түшүндүрмө берди. 2013-жылы ички дивиденддер боюнча акча төлөө 2009-жылдагы кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлгөнүн билдирип, каржылык мыйзам бузуулар болгон деген маалыматты четке какты.

Ошондой эле компания мамлекеттик органдар менен “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу боюнча тыгыз сүйлөшүүлөрдү улантууну көздөй турганын кошумчалады. Маселелер ага чейин оң жакка чечилбесе, өндүрүшкө терс таасирин тийгизери “Центерранын” билдирүүсүндө баса белгиленген.

Кечээ Башкы прокуратура, УКМК, Ички иштер министрлиги жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү кирген мекемелер аралык тергөө тобу аталган ишкананын Бишкектеги башкы кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн. Анда “Кумтөрдөн” акча каражаттары менен активдердин мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш ишине далил маалыматтар изделип жатканы кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG