7-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24;
Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 19..24;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28;
Баткенде түнкүсүн 7..12, күндүз 21...26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...20;
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23 градус болот.
7-майда Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 9…11°, күндүзгү температурасы 22…24° жылуу болот.