Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Мамлекет Түлеевдин мүлкүн эсебине өткөрө баштады


Мамлекеттин эсебине өткөн мүлктөрдүн бири
Мамлекеттин эсебине өткөн мүлктөрдүн бири

Сот аткаруучулар Түлеевдердин конфискацияланган мүлктөрүн мамлекет эсебине өткөрө баштады. Алардын арасында “Караван” соода борбору баш болгон жыйырмадан ашык кыймылсыз мүлк жана жыйырма чакты автоунаа бар.

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин түрмөдөн бошотулушуна удаа Жогорку Соттун судьясы, Соттор кеңешинин төрагасы Канатбек Турганбеков өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Турганбеков Түлеевдин кызынан пара алды деген кине менен камалган Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун ишинде күбө катары көрсөтмө берген.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева анын арызы расмий кабыл алынганга чейин эмгек эргүүсүндө болорун “Азаттыкка” билдирди.

- Жогорку Соттун судьясы Канатбек Турганбеков өз эрки менен кызматтан кетүү боюнча Соттор кеңешине арыз жазды. Азырынча анын бошогону боюнча буйрук жок. Андыктан эмгек өргүүсүндө деп эсептелет.

Мыйзам боюнча Турганбеков өз арызы менен иштен кеткендигине байланыштуу ага үч айлык компенсация төлөнүп берилет.

Түлеевдин мүлктөрүн мамлекет менчиктейт

Ал арада сот аткаруучулар Түлеевдин камакка алынган мүлктөрүн мамлекет эсебине өткөрүү ишин башташты. 2013-жылкы Ленин райсотунун чечимине ылайык, Нариман Түлеевдин жана анын жакындарынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү толугу менен конфискацияланган.

Камактагы мүлктөрдүн арасында баш калаадагы “Караван” соода борбору баш болгон 20дан ашык кыймылсыз мүлк (үйлөр, кеңселер), 20 чакты кымбат баалуу автоунаа жана жер тилкелери бар. Алар буга чейин Түлеевге, атасына, аялына, инисине жана кызына таандык болгон.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун юридика бөлүмүнүн башчысы Болот Мукашевдин ырасташынча, Түлеевдердин камакка алынган мүлктөрү жакын арада толугу менен мамлекет эсебине өтөт.

- Азыркы учурда мүлктөрдүн документтери такташтырылып жатат. Сот аткаруучулар мүлктөрдүн баарын мамлекет эсебине өткөрүшөт. Силер айтып жаткан “Караван” соода борбору, автоунаалардын баары алынат. Мамлекетке өткөн соң чечим кабыл алынат. Мүлктөр сатылат же башка багытта колдонулат.

Эркиндик баасы 11 батирби?

Мукашев кошумчалагандай, Бишкектин мурдагы мэри эркиндикке чыгуу үчүн мамлекетке келтирилген 60 млн. сомдук чыгымды төлөп берген. Ал чыгымдын 14 млн. сомун акчалай төксө, калган 46 млн. сомуна “Экспо Строй" компаниясына таандык 11 квартирасын берген. Алардын сегизи үч бөлмөлүү жана үчөө бир бөлмөлүү батир.

Өлкөнүн эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев Түлеевдин жакындарынын да мүлктөрү камакка алынышы мыйзамга каршы келерин айтууда.

- Мүлктөр мамлекетке келтирилген чыгымды калыбына келтирүү үчүн камакка алынат. Чыгымдар төлөнгөн соң камактан чыгышы керек болчу. Эгер төлөбөгөн учурда мамлекет эсебине өтмөк. Ошол эле учурда айыпталуучудан башкасынын мүлкүн конфискация кылууга болбойт. Түлеевдин жакындары сотко кайрылса болот.

Түлеевдин жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев болсо мүлктөр боюнча даттануу маселеси көтөрүлө электигин билдирди.

Ал ортодо экс-мэрдин бошотулушу коомчулукта ар кандай жоромолдорго жол ачууда. Коомдук ишмер Эдил Байсалов бийликтин жемкорлорго каршы күрөшүндөгү кош стандарттуулугуна капа. Анын айтымында, буга чейин бир да аткаминерге Түлеевге жасалган катаал жаза колдонулган эмес.

- Түлеевди камап, анысы аз келгенсип анын жакындарынын да мүлктөрүн камакка алышы мыйзамды одоно бузуу. Туугандарынын кылмыш ишине кандай тиешеси бар? Мындай куугунтук Акаевдин, Бакиевдин убагында да болгон эмес. Бул иш башынан эле саясий өч алуу, саясий коркутуу катары ачылган. Анысы аз келгенсип, Нарымбаевге байланыштуу ишти да чапташты. Эмнеге ошол эле учурда миллиондорду жеген коррупционерлер камалбайт?

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Түлеевдин келтирилген чыгымдарды мамлекетке төлөп бериши кылмышты мойнуна алганын билдирет деп эсептейт. Анын пикиринде, Бишкектин экс-мэри колуна менен кылганын мойну менен тартты.

- Мамлекетке кун төлөшү менен ал кылмышты толук мойнуна алды. Эгер күнөөм жок десе бир да тыйын төлөбөйт болчу. Айрымдар аны саясий курмандык деп жатышат. Эгер ошондой мотив менен камалган болсо түрмөдөн чыгарылмак эмес. Түлеевдин иши коррупцияга каршы аёосуз күрөшкө мисал боло алат. Анткени аткаминер жегенин кусту. Мамлекетке келтирген зыянды толуктады.

2012-жылдын 21-июнунан бери камакта отурган Нариман Түлеев 7-майда эркиндикке чыгарылган. Аны Бишкектин Ленин райондук соту 2013-жылы июлда 11 жылга эркинен ажыраткан.

Нариман Түлеевге мэр кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мындан тышкары таштанды ташуучу унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталган болчу.

XS
SM
MD
LG