Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Eurovision-2016: экинчи жарым финалдын мыктылары тандалат


Сынакка Орусиянын атынан катышып жаткан Сергей Лазарев фавориттердин алдыңкысы аталууда. 10-май, Стокгольм.
Сынакка Орусиянын атынан катышып жаткан Сергей Лазарев фавориттердин алдыңкысы аталууда. 10-май, Стокгольм.

Бүгүн Швеция баш калаасында Eurovision - 2016 ыр сынагынын экинчи жарым финалы өтөт. Ага катышкан 18 мамлекеттин ырчыларынан финалга чыкчу 10 аткаруучу тандалат.

Биринчи жарым финал 10-майда болгон. Ага Азербайжан, Армения, Австрия, Орусия, Венгрия, Хорватия, Кипр, Чехия, Мальта, Голландия, Исландия, Черногория, Эстония, Сан-Марино, Молдова, Грекия, Босния-Герцеговина жана Финляндия катышып, акыркы 8 өлкө финалга чыкпай калышкан.

Бүгүн Албания, Австралия, Беларус, Бельгия, Болгария, Дания, Македония, Грузия, Ирландия, Израил, Латвия, Литва, Норвегия, Польша, Сербия, Словения, Швейцария жана Украина күч сынашат.

Европа телеберүү бирикмеси 61-ирет өткөрүп жаткан сынак быйыл “Бириккиле” деген ураан менен уюштурулду.

14-майга белгиленген финалда 26 өлкө таймашат.

Европа телеберүү бирикмесин түптөгөн беш мамлекет – Франция, Италия, Испания, Британия, Германия жана сынакты быйыл уюштуруп жаткан Швеция өкүлдөрү түз эле финалда ырдашат.

Eurovision сынагы 1956-жылдан бери жыл сайын такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат.

Стокгольм шаарындагы 16 миң кишиге ылайыкталган “Эрикссон-Глоб” ак сарайында өтүп жаткан сынакты быйыл АКШнын GloboTV каналы да түз алып көрсөтүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG