Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Ипотека берүүнүн экинчи этабы 20-майда башталат


Үй курулушу.
Үй курулушу.

Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда билдирди. Шамкеевдин айтуусунда, биринчи этапта 180 жарандан арыз түшүп, анын 22сине ипотекалык кредит берилди. Азыр миңден ашуун адамдын арызы каралууда. Тандалып алынган тизме 20-майдан тарта банктарга берилет. Аталган мекеме ипотека боюнча алты банк менен иш жүргүзүүдө.

Премьер-министр ушул жылдын аягына чейин 3 миңге жакын жаранды мамлекеттик программага ылайык турак жай менен камсыздоону тапшырды.

Өкмөт быйылдан тарта бюджеттик кызматкерлерге ипотекалык насыя берилерин билдирип, мамлекеттик ипотекалык компания түзгөн. Ипотекалык насыялар 12-14 пайыздык үстөк пайыз менен 15 жылдык мөөнөткө чейин берилери айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG