Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

"Өнүгүү-Прогресс" бачабаздарга өлүм жазасын киргизүү маселесин карайт


Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы бүгүнкү жыйынында жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазага тартуу маселесин талкуулайт. Мындай сунушту “Бекем үй-бүлө – күчтүү мамлекет” кыймылы, “Мыйзам жана тартип” коомдук бирикмеси берген. Алар жаш балдардын жыныстык жактан кол тийбестигин бузган адамдарды катаал жазага тартууну сунуштоодо. Буга чейин алар бачабаздарга өлүм жазасын киргизүү боюнча миңдеген адамдардан кол топтогон.

Бүгүнкү жыйында аталган уюмдардын өкүлдөрү менен акыйкатчы Кубат Оторбаевдин маалыматы угулат. Оторбаев мындан мурда бачабаздарды химиялык кастрациялоо демилгесин көтөргөн эле.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук, жаш балдарга карата жасалган кылмыш фактылары көбөйүп баратат. Өткөн жылы жашы жете электерге карата жасалган 1019 кылмыш катталса, анын 182си сексуалдык мүнөздө болгон. 74 бала зордуктоого кабылган. (NT)

XS
SM
MD
LG