Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Өндүрүш Токтонасыров "Народный" дүкөнүнө нааразылык билдирет


Дүкөн.
Дүкөн.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Народный" дүкөнүнүн алдында флеш-моб уюштурат. Ал кулагына кесме илип алып, муну менен дүкөн ээлеринен сатуу иштериндеги көз боемочулукту токтотуу, мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү сатпоону талап кылып, кардарларды андан соода кылбоого чакырат. Токтонасыров аталган дүкөндөр "элдик" деп аталганы менен калктын социалдык абалы эске алынбаганы жана анда товарлар өтө эле кымбат болуп жатканына нааразылык билдирмекчи:

-Мен бул дүкөндөрдүн иштешине каршы эмесмин. Бирок, "элдик" атка жамынып алат, эмнеге баалары кымбат деген суроо туулат. Элдин абалына жараша баа коюлушу керек. Атын өзгөртсүн же элдин талабын эске алсын. Көбүнчө товарлары кооз баштыктарга салынган, мөөнөтү өткөндөрдү деле кооздоп сата беришет. Монополияны жөнгө салуу агенттиги, өкмөт каякты карап отурат?

"Народный" жоопкерчилиги чектелген коому Кыргызстандагы ири соода жайлардын бири. Анын карамагында 50 дүкөн болсо, анын 44ү Бишкекте иштейт. (NT)

XS
SM
MD
LG