Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Атамбаев: Кыргызстан КМШны реформалоону колдойт


КМШ өкмөт башчыларынын Бишкек жыйыны.
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкек жыйыны.

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын саммитине катышууга келген премьер-министрлерди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда президент Кыргызстан КМШнын арым тармактык органдарын реформалоо демилгесин колдой турганын билдирип, уюмду өзгөртүү зарылдыгына токтолду.

Президент Атамбаев КМШнын жолугушууларында бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгына жооп берген чечимдер кабыл алынышы керектигин белгиледи.

Кыргызстан КМШнын түзүлгөнүнүн 25 жылдык мааракелик саммитине төрагалык кылып жатканын билдирген Алмазбек Атамбаев уюмдун ишине ийгилик каалады.

Жолугушууга Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков , Орусиянын өкмөт төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов, Молдованын премьери Павел Филип, Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков, Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода, Армения, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын вице-премьерлери жана КМШнын баш катчысы Сергей Лебедев катышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG