Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Укук коргоочу динди саясатташтырбоого депутаттарды чакырат


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгып, эл өкүлдөрүн динди саясатташтырбоого чакыра турганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

Ал жума намазга каршы эместигин, бирок ал учурда түшкү тыныгууну эки саатка узартуу сунушу менен макул эместигин айтты. Жарандык активист парламентте намазкана ачуу аракети да туура эмес болгонун билдирүүдө. Жогорку Кеңештин имаратында эки намазкана бар. Биринчиси - 2011-жылы ачылган. Бешинчи чакырылыштагы парламенттин 26 депутаты, аппарат кызматкерлеринин кайрылуусунан кийин ​150 киши бата турган экинчи намазкана 2014-жылы пайда болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG