Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:16

Немис депутаттарын полиция кайтарууга алды


Немис парламенти
Немис парламенти

Осмон империясы учурунда армяндардын геноциди тууралуу Германия парламенти чечим кабыл алгандан кийин түбү түркиялык болгон немис парламентинин 11 мүчөсү полициянын коргоосуна алынды. Аларга геноцид тууралуу чечимди колдогону үчүн өлтүрүү тууралуу коркунучтар түшкөн. Германиянын "Франкфурт Алгемайне" гезитинин 12-июндагы жазуусуна караганда, депутаттарды полиция тарабынан кайтарууну улантуу Берлинде Федералдык полиция менен жолугушууда кабыл алынды.

Түркия Осмон империясы учурунда 1,5 млн армян кырылып, ал геноцид болгон дегенди четке кагат. Германия парламентинин аны геноцид деп тааныган чечиминен кийин Түркия элчисин чакыртып алды. Президент Режеп Тайып Эрдоган чечимге добуш берген түбү түркиялык депутаттардын кандай түрк экенин билиш үчүн “канын текшерип көрүш керек” деген. (AiT)

XS
SM
MD
LG