Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

ММК мыйзамын өзгөртүү маселеси парламенттин күн тартибинен алынып салынды


Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоор Жогорку Кеңештин бүгүнкү күн тартибинен алынып салынды. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев:

- Мыйзам долбоору өз ара да, парламенттин ичинде да чала болуп жатат. Ошондуктан эмки жумага чейин күн тартибинен алып коюуну суранабыз, - деди.

10-июнда Жогорку Кеңештин 4 депутаты "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынына бүгүн биринчи окууда каралганы жаткан.

Айрым серепчилердин пикиринде, эгер демилге колдоо тапса, "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал.

"Азаттыкты" колдоп бүгүн Ак үй алдында укук коргоочулар пикет өткөрдү.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Азаттык" радиосунун өлкөдө демократия, сөз эркиндигин калыптандырууга кошкон салымы зор деген пикирин билдирди.

Мыйзам долбоорун КСДП фракциясынан депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов жана "Республика Ата-Журттан" Табылды Тиллаев жана Жыргалбек Турускулов демилгелеген. (RK)

XS
SM
MD
LG