Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Укук коргоочулардын арызы колдоо таппады


Укук коргоочулардын Ак үй алдындагы нааразылык акциясы, 2016-жыл
Укук коргоочулардын Ак үй алдындагы нааразылык акциясы, 2016-жыл

Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилованын президент Алмазбек Атамбаев боюнча доо арызын сот канааттандырган жок.

16-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту укук коргоочулардын арызын канааттандыруудан баш тартты. Сотто президенттин өкүлү укук коргоочулар мамлекет башчысынын сөзүн туура эмес түшүнүп алганын айткан. Деген менен укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилова саламаттыгы кескин начарлап, коомчулук тарабынан кемсинтүүлөргө туш болуп жатканын айтышууда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова президент Атамбаевдин 14-майда айткан сөзүнөн кийин коомчулук тарабынан кемсинтүүлөр күчөгөнүн, жакында эле такси айдоочусу аны тааныгандан кийин орой мамиле жасап, машинеден түшүрүп салганын айтты:

- Шашылыш бир таксиге түшүп калдым. Анан эле "сиз Азиза Абдирасуловасызбы? Президент айтпадыбы, силер дестабилизация кылат экенсиңер. Канга тойбой атасыңарбы!? Түшүңүз машинеден” деп түшүрүп салды. Кан менен революция кылып бийликке келген ким? Менби? Ошондой эле экинчи кызым кысым көрүп, Кыргызстандан чыгып кетти. Аны да көчөдө өткөндө балдар кол кезеп, "мына, Азиза Абдирасулованын кызы" деп айтышыптыр.

Азиза Абдирасулова өлкө башчынын энелер алдында айткан сөздөрү алардын саламаттыгына да таасир берип жатканын белгилейт. 15-июнда сот процессинде Төлөкан Исмаилованын кан басымы көтөрүлүп тез жардам чакырганга туура келсе, 16-июнда саламаттыгы боюнча догдурдан катуу эскертүү алган.

Биз укук коргоочулардын ден соолугун текшерген соттук психиатрия боюнча адис, “Акыл жана адам ден соолугу” институтунун илим жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Асановго кайрылганыбызда Азиза Абдирасулова чыны менен ортодон өйдө көрсөткүч боюнча жетишээрлик катуу кайгыга туш болгонун билдирди.

- Азиза Абдирасулованын абалы коркунучтуу. Кыйла жетишээрлик катуу кайгы деңгээли деп коёт. (Степень существенно достаточно сильное страдание). Бул жогорку деңгээлге өтүүгө бир эле кадам калганын билдирет. Бирок мындан өтүп кетсе, психикалык ооруга айланып калат.

Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилованын президент Алмазбек Атамбаев боюнча доо арызы сотто колдоо тапкан жок. 16-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту алардын арызын канааттандыруудан баш тартты.

Өткөн айда эки укук коргоочу "Элдик парламент" оппозициялык уюмунун жыйынына мониторинг жүргүзүү үчүн катышкан. Президент Алмазбек Атамбаев 14-майда Энелер күнүнө карата кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилованы чет жактан алган грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр деп атаган.

- Акаевчилер, Бакиевчилер, ИГИЛчи Мотуев жана албетте гранттарын актоо менен алектенген Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилова жана башка бейөкмөтчүлөр алардын заказчиктери ар кандай мамлекеттен болгону менен баарынын максаты бирөө эле. Ал биздин өлкөнү дестабилдештирүү.

Мамлекет башчынын бул билдирүүсүнө байланыштуу укук коргоочулар сотко кайрылып, кечирим суроону жана ар бирине 10 миллион сомдон компенсация төлөөнү талап кылган.

Президенттик аппарат азырынча соттун чечимине байланыштуу комментарий бере элек.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG