Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Укук коргоочулар президентке нааразы


Укук коргоочулардын митингинен бир көрүнүш. Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова, Өндүрүш Токтонасыров,16-май, 2016-жыл
Укук коргоочулардын митингинен бир көрүнүш. Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова, Өндүрүш Токтонасыров,16-май, 2016-жыл

Бүгүн Ак үйдүн алдында укук коргоочулар өздөрүнүн укугун коргоп пикетке чыгышты. Алар президент Алмазбек Атамбаевдин укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованын дарегине айткан сөзүн “жалаа” дешип, президенттен кечирим суроосун талап кылышты жана андай кадам жасалбаса аны сотко берерин билдиришти.

Укук коргоочулар Ак үйдүн алдына президенттин кортежин утурлай чогулушту. Колдоруна “Президент, эмне себептен бизди караладың?”, “Байкоо жүргүзүү - кылмыш эмес”, “Атамбаев, Конституцияны бузба” деген жазуусу бар плакаттарды кармаган пикетчилер пикирин президенттик кортеж өтүүчү жолго жакын туруп билдирүүгө аракеттеништи. Бирок милиция кызматкерлери, Улуттук гвардиянын бир нече аскери аларга жол жээгине чыгууга мүмкүнчүлүк берген жок.

14-майда президент Алмазбек Атамбаев энелерди майрамы менен куттуктап жатып, "Элдик парламенттин" мүчөлөрүн "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" катары баалап, алардын 12-майдагы жыйынына катышкан укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы "грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр" деп атаган:

- Ал жерде кимдер гана болбогон: акаевчил Талгарбеков баш болгон, бакиевчил Калматов, ИГИЛдин тарапкери Мотуев менен, албетте, алган гранттарын актап калгысы келген Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова жана башка бейөкмөтчүлөр. Буларды Крыловдун тамсилиндеги квартет ойногусу келген маймыл, эшек, эчки жана майтаман аюуга салыштырууга болот.

Президенттин сөзүнө укук коргоочулар ошол эле күнү нааразылык билдиришкен. “Бир дүйнө Кыргызстан” коомдук уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова чет жактан грантты тилемчилик менен жан багып жаткан Кыргызстандын жетекчилиги алып жатканын айткан:

- Эң башкы грант жегич – президент, мамлекет башындагылар. Мына өлкө бюджетинин 60% дефолт болуп, барган жеринен тиленип каржы сурап келатат. Биз алган кенедей каражатты майыптардын, абакта жаткандардын укугун коргоого, алардын коомдогу ордун жакшыртууга жумшап келатабыз. Биз 20 жылдан бери ушинтип иштеп келгенбиз, иштей беребиз.

Укук коргоочулар президенттин сөзүн жалаа, каралоо деп белгилеп, андан телевидение аркылуу кечирим суроону талап кылышууда. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова эгер президент кечирим сурабаса, сотко кайрылышарын “Азаттыкка” билдирди:

- Президент өзүнүн сөзүн жокко чыгарып, бизден кечирим сурасын. Антпесе сотко беребиз. Мыйзам алдында баарыбыздын укугубуз бирдей. Биз Кыргызстандагы сотторго ишенбейбиз, анткени соттор Атамбаевдин колунда. Бирок ошентсе да өз укугубузду сот аркылуу коргоого аракет кылабыз. Бизди айрымдар “Атамбаевдин айта жүргөн сөзү” деп көңүл бурбоого чакырышты. Антели десек, президенттин расмий сайтында анын алдын ала даярдалган сөзү толугу менен илинип турат. Демек мурунтан эле даярдалган сөз бул.

Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова жана Асия Сасыкбаева өткөргөн митингден бир көрүнүш, 31-июль, 2009-жыл
Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова жана Асия Сасыкбаева өткөргөн митингден бир көрүнүш, 31-июль, 2009-жыл

Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын аттары Кыргызстан эгемендик алгандан берки тарыхы менен байланыштуу. Алар 2002-жылы болгон Аксы окуясынан бери жарандардын пикет, митингге чыгуу, нааразылык билдирүү өңдүү фундаменталдык укуктарын коргоп келишет.

2010-жылы июнь коогасынан соң, таанымал укук коргоочулар коогалаңдын бир жактуу иликтенип жатканын айтып, кыргыз бийлигин бейтараптуулукка чакырышкан. Кийинчерээк июнь окуясы боюнча өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровду “саясий туткун” деп, аны эркиндикке чыгаруу талабын коюп келишкен.

“Прогресс” коомдук бирикмесинин жетекчиси Адил Турдукулов бийликтин кысымынан жарандардын укугун коргоп келген укук коргоочулар өздөрү бүгүн коргоого муктаж деп эсептейт:

- Акыркы беш-алты жылдан бери булар митингге чыкпай эле, пикет-митингдерге байкоо жүргүзүп келишкен. Эми минтип өздөрүнүн укугун коргоп чыгууга туура келүүдө. Бул жерде саналуу гана кишилер укук коргоочулардын таламын талашып келди, бир да саясатчы жок. Бул дагы учурдагы жарандык коомдун, оппозициянын шериктештиги жоктугунан кабар берет.

Эң башкы грант жегич – президент, мамлекет башындагылар. Мына, өлкө бюджетинин 60% дефолт болуп, барган жеринен тиленип каржы сурап келатат.
Төлөйкан Исмаилова

Пикетте турган укук коргоочулар менен Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы укук коргоочу Чолпон Жакупова чыгып жолугушту. Эл өкүлү президент Атамбаев укук коргоочулардын дарегине айткан сөзү менен жарандык коомго сокку урду деп “Азаттыкка” билдирди:

- Укук коргоо тармагы өткөн жумада эле өздөрүн “чет элдик агент” деп таануу тууралуу мыйзам өтпөй калганына кубанып жаткан кезде, президенттин ачыгын айтканда чагымчыл сөзү олуттуу чочулоону жаратат.

Пикетке чыккандар менен депутат Жакуповадан башка расмийлерден эч ким чыгып жолуккан жок. Укук коргоочулар эми өз укугун сот аркылуу коргошмокчу.

Ал эми президент тарабынан кандай жооп болору азырынча белгисиз. Президенттин аппараты да, маалымат кызматы да бул боюнча эч кандай пикир билдирген жок.

"Президентти сотко беребиз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG