Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Хорватия өкмөт башчысы кызматынан кетирилди


Саясатчы Бозо Петров менен Тихомир Орешкович.
Саясатчы Бозо Петров менен Тихомир Орешкович.

Хорватия парламенти бейшембиде өкмөт башчы Тихомир Орешковичти кызматынан кетирди.

Балкан өлкөлөрүндөгү “Азаттыктын” кабарчысы Юлия Петровскаянын кабарлашынча, чечим узакка созулган саясий кризистен улам кабыл алынды. Бул беш гана ай иштеген оңчул-борборчул өкмөттүн тарашын билдирет.

Ийгиликтүү бизнесмен Тихомир Орешкович парламенттеги эч бир партияга мүчө болбогону үчүн, мунаса талапкер катары премьерлик кызматка чакырылган эле.

“Мен мындай жыйынтыкты күткөн эмесмин. Өлкөмө кызмат кылайын деген ак ниетим менен келдим эле”, деп жыйынтыктоочу сөзүндө Орешкович өкүнүчүн билдирди.

Ал отставкасын өзүнүн энергетика тармагындагы саясатына айрым өкмөт мүчөлөрүнүн нааразылыгына байланыштырды.

Көпчүлүк коалициядагы "Хорват демократиялык шериктештик" партиясы жаңы премьерликке Здравко Маричти сунуштоодо.

Хорват маалымат каражаттары эгер алдыңкы 30 күндө жаңы министрлер кабинети куралбаса, президент мөөнөтсүз парламенттик шайлоо белгилөөгө аргасыз болорун жазышууда. Өлкөдө парламенттик шайлоо өткөн жылдын ноябрында өткөн.

XS
SM
MD
LG